АРАЛ кыштагы (Сузак)
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кара-Дарыя айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Сузак кыштагынан 28 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Деңиз деңгээлинен 630 м бийиктикте. Калкы 6 778 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, ФАП, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, байланыш түйүнү, техникалык сервис, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.