АЭРОАКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОАКУСТИКА (гр. aer – аба жана акустика) – физиканын үндүн аэродинамикалык проблемаларын, кыймылдуу чөйрөдө үндүн таралышын, үндүн туруксуз агым менен өз ара аракетин, ошондой эле аэродинамикалык пайда болгон акустикалык ызы-чууну азайтуу методдорун изилдөөчү аэродинамика менен акустиканын ортосундагы бөлүмү. А. аэродинамикалык күчтөр жана аба агымынан пайда болгон үндөр менен байланыштуу, бирок сырттан таасир этүүчү күчтөр жана толкундардан пайда болбойт. Механиканын аэродинамика, туруктуулуктун гидродинамикалык теориясы, куюн динамикасы, турбулентүүлүк теороиясы менен тыгыз байланышта. Суюктуктун агым кыймылында пайда болгон үндүн теориялык маселесин алгач франсуз физиги Дж. У. Рэлей карап чыккан (1877). Бирок, А-ны парктикалык пайдалануу орус окумуштуулары Л. Я. Г утиндин винттин айлануусундагы ызы-чуу жөнүндө (1936), Е. Я. Юдиндин стержендин айлануусунун ызы-чуусу (1944), Д.И. Блохинцевдин кыймылдуу чөйрөнүн акустикасы жана ангглиялык окумуштуу М. Дж. Лайтхаллдын турбуленттүү агымдын чуусу жөнүндө окууларынан кийин башталган. Аэродинамикалык чууну эки класска бөлсө болот: агым бөлүкчөлөрүнүн (агым чуусу ж.б.) жана катуу нерсеге агым тийгендеги чуу (өткөргүчтөрдүн, винттин, желдеткичтин, планердин, самолеттун чуусу ж. б.). Үндүн аэродинамикалык генерациясынын негизги себеби куюндун пайда болушу жана газдын нерсени, ошондой эле кыймылдуу чөрөнү тез куюндай айланып өтүүсү.