АЙЫЛ ЧАРБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА – мал чарба жанa дыйканчылык азык‑түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жанa мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак‑аш, азык‑түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу мак­сатын көздөйт. Кыргызстандын калкынын кылым­дар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дый­канчылыгы, жалпы калкынын 65%ы айыл жеринде жашашы агрардык өлкө болушуна жанa айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын Айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейинки, СССР уба­гындагы ж‑a эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мез­гилде социалдык-экономикалык шарттарга ылайык керек­төөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында не­гизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар – колхоз, совхоз­дордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы мате­риалдык техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык са­лымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кай­рымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндү­рүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарба­нын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдала­нуу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жанa алдыңкы тажрыйбанын жетиш­кендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуу­лукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукция­нын 36‑40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыш­туу эки ири тармакка (дыйканчылык ж‑a мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда дан, жашыл­ча, жемиш, картошка, техникалык жанa май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жанa тамеки өстү­рүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу дең­гээлин көтөрүү менен азык‑түлүктү кайра иш­тетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодо мал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү ма­териалдык, акча ж‑a эмгек ресурстарын ургаал­дуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчы­лыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чар­басын илrерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет.

$scan$
АЙЫЛ ЧАРБА21.png
АЙЫЛ ЧАРБА22.png
scan

Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илиммий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млнга, жалпы жер аянтынын 54 о/ои (10,797 млн za), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды:. 1991‑жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз‑совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система - дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган.
Натыйжада 2004‑жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердии саны 267 ,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3% ), 1830 мамлекеттик чарбалар жана ар кандай кооперативдер (О, 7о/о) болгон. Эгерде Coвeттеp Союзунун убагында айыл чарба азык‑түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасыида айыл чарба продукцияларынын 5%ы гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%ы калктын көмөкчү жана 63%ы дыйкан‑фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003‑ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон. 2003‑жылдын 1‑январына карата республикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-күзгү жана 2,1 млн гасы кышкы жай­ыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Ак‑Сай, Арпа, Суусамыр, Чоң Алай, Чаткал, Кара Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык‑Көл сырттарында. 1990‑ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге кеп болгон, ал эми 2003‑ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2, 74 баш шарттyy кой туура келгендиктен, айлана‑чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003‑ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң га) 619,0 (56,5% ); техникалык өсүмдүктөр – 147,2 (13,5% ); картошка жана жашылча‑бакча өсүмдүктөр – 124,1


Table 1: Айыл чарба өсүмдуктөрүнүн дүң продукциясынын динамикасы, % менен (1990 - 2003-ж.)


Жылдар Млн сом 1990-ж-га, %
1990 52161,9 100,0
1991 46945,7 90,0
1992 44363,7 85,1
1993 40016,1 76,7
1994 32613,1 62,5
1995 31960,8 61,3
1996 36850, 8 70,6
1997 41346,6 79,3
1998 42545,7 81,6
1999 46034,4 88,3
2000 47231,3 90,5
2001 50679,2 97,2
2002 52250,3 100,2
2003 4253,8 104,0

(11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң га (18,6%) аянтын ээлейт. Дан эгиндеринин түшүм­дүүлүгү ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасы­ныкы – 260,3 ц; пахтаныкы – 26,1 ц; тамекини­ки – 24,1 ц; картошканыкы – 155,0 ц жана жа­шылчалардыкы – 178 цди түзөт.

Үрөнчүлүк – дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн не­гизи. 1991‑93‑жылдарда объективдүү жана субъек­тивдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995‑ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004‑ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын


Table 2: Айыл чарба өсүмдуктөрүнүн дун жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), миң

А. ч.өсүмдүктөрү 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Дан 1572,2 1507,7 913,3 1618,9 1568,7 1670,5
Кант кызылча 1,7 220,2 107,4 205,5 449,8 812,2
Пахта чийки заты 80,9 49,2 71,5 62,4 87,9 105,9
Тамеки 52,9 48,6 17,6 25,7 34,6 8,7
Картошка 342,6 308,3 431,6 678,0 1045,6 1308,2
Жашылча 404,8 259,3 318,4 478,7 746,8 678,0


саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы-­Пахта» эксперименттик чарба, Кара‑Суу районунда­гы пахтачылык тажрыйба, Ак‑Суу районундагы Ысык‑Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илиммй өндүрүштүк станциялары жогорку категорияда­гы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004‑жылдын 1‑январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677, 3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82, 8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон. 2002-ж. Кыргыз Республикасы эт жана сүт өндүрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-түлүктөрүн өндүрүү деңгээли төмөндөп кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, өсүү темпи камсыз болууда.

2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 кг, бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 кг жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында,

$scan$$scan$


Table 3: Мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн динамикасы (1990-2003-жж.), миң т


Продуктулар 1990 1993 1995 1997 2000 2003
Эт (союлган сал- мак) 254,0 214,3 179,9 186,3 196,1 200,9
Сүт 1185,0 946,0 864,2 910,9 1105,2 1191,8
Жүн 39,0 31,2 14,8 11,4 11,7 11,6
Жумуртка (млндаана) 717,0 388,9 146,7 163,8 207,4 267,6

калктын короосунда жергиликтүү табигый‑кли­маттык шартка жакшы көнүккөн, жогорку азыктуу койдун кыргыз уяң жүндүү, тянь‑шань, алай, уйдун ала‑тоо, олуя ата, жылкынын кыр­гыздын жаңы, эчкинин тыбыт жана жүн берүүчү, тооктун кыргыз тукумдары өстүрүлүүдө. Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт (к. Асыл тукум мал өстүрүүучү чарба). Айыл чарбаны илимий жана кеңеш берүү жактан камсыз кы­луу үчүн агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору, анын карамагындагы төрт илим изилдөө институттары, айылдык кеңеш берүү кыз­маты окутуу‑кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кыргыз улуттук агрардык университети жана техникумдар агро‑өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат.
А. С. Ажыбеков.