АК-ТАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАМ ‒ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Там айыл округунун борбору. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 15 км чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 76 км. Ала-Бука ‒ Кербен автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1396 м бийиктикте жайгашкан. 1900-жылы отурукташкан. Калкы 5 480 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, бала бакча, амбулатория бар.