АҢЫЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:18, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЫЗ – эгини орулуп-жыйналып алынган жер. Анда чабылган эгиндин маясы жана вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери жана айыл чарба . өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары менен А. кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу ж. б. менен) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин А. айдалбайт.