АК-ЖОЛ - Аксы районундагы кыштак.
Jump to navigation
Jump to search
АК-ЖОЛ К и ч и А к ‑ Ж о л – Жалал‑Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Ак‑Жол айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Кербен шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Таш‑Көмүр темир жол бекетинен 40 км. Деңиз деңгээлинен 820 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 540 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, айылдык амбулатория бар.