БАДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДАМ (Amugdalus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусу, дарак же чала бадал. Бийиктиги 8‒10 м. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ак же күлгүн, жалбырак байлаганча же аны менен чогуу ачылат. Б. түктүү жана түксүз болот. Мөмөсү ‒ данекче. Кургакчылыкка чыдамдуу. Эрте гүлдөгөндүктөн жазгы суукта үшүп кетиши мүмкүн. Отургузгандан 3‒4 жылдан кийин мөмө берет. 50дөн ашык түрү бар. Кыргызстандын түштүгүндө Лейлек, Сузак жана Ноокен р-ндорунда өстүрүлөт. Кадимки Бобовник, Петунникова сорттору көп тикендүү, Бухара түрлөрү өтө кеӊири таралган.Данеги кондитер ишинде, эфир майын алууда ж. б. пайдаланылат. Анын кээ бир түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.