АЛГА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГА ‒ Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Алга айыл аймагына караштуу. Катыраӊ кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 30 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 67 км. Деӊиз деӊгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4622 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, спорт комплекси, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, чайкана, ашкана, оорукана бар.