АЭРОДИНАМИКА
АЭПОДИНАМИКА — гидроаэромеханиканын бир бөлүмү. Ал абанын кыймыл закондорун жана абага карата кыймылда болуучу катуу нерсенин бетинде пайда болгон күчтөрдү изилдейт. 20-к-да авиациянын талабына ылайык өз алдынча илим катары пайда болгон. Анын негизги маселелеринин бири ‒ нерсеге аракет этүүчү А-лык күчтү эсептөө жолу менен учуучу аппараттын долбоорун иштеп чыгуу. А. теориялык жана эксперименттик болуп бөлүнөт. Теориялык А. самоёттун А-лык эсептөө ыкмаларын жана А-лык күч менен моментти аныктоо жолдорун иштеп чыгат. Самолёттун А-сына туруктуулук эсептөөлөрү жана самолётту башкаруу, ошондой эле абанын турбуленттүүлүгүнүн теориясы кирет. Учуучу аппараттын кыймылынын туруксуз режимине байланышкан маселелерди учуу динамикасы карайт. А-нын теориялык маселелери гидроаэромеханиканын теӊдемелерине негизделип чечилет. Эксперименттик А. ыкмалары окшоштук теориясынын негизинде А-лык күчтү аныктайт, ал кичине масштабдагы аппараттын моделин сыноодо учуучу аппаратка таасир этет. А-нын авиация эмес кошумча кеӊири аймагына өнөр жайлык А. деп аталган бөлүмү кирет. Мында аба үйлөтүү, шамал кыймылдаткычтары, шорголоочу аппараттар, желдеткич техникасына байланышкан маселелер, ошондой эле жер алдындагы транспорттун кыймылында, курулмалар менен имараттардын шамал күчтөрүндө пайда болгон А-лык күчтөр менен байланышкан маселелер каралат.