АШУБАЕВА Зина Жекшеновна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:07, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АШУБАЕВА to АШУБАЕВА Зина Жекшеновна) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШУБАЕВА Зина Жекшеновна (1935-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Кызыл-Туу айылы) ‒ химия илимд. доктору (1982), проф. (1989). Москва текстиль ин-тун бүтүргөн (1958). Кыргыз ССР ИАнын химия ин-тунда ил. кызматкер, лабор. башчы, 1994-жылдан КР УИАнын химия жана хим. технология ин-тунда башкы ил. кызматкер. 150 ил. эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 30дай автордук күбөлүктүн автору. Алар негизинен пектин заттарынын химиясы жана технологиясына арналган. Ойлоп табуучулардын эл аралык уюмунун (Женева) алтын медалы менен сыйланган (2004). Эмг.: Химические реакции пектиновых веществ . Ф., 1984; Применение петиновых веществ в медицине (в соавторстве). Б., 1989; Металлокомплексные производные пектинов и их применение (в соавторстве). Б., 1991.