АЦЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТОН (лат. acetum ‒ уксус), д и м е т и л к е т о н, СН3СОСН 3 алифаттык эӊ жөнөкөй кетон; мүнөздүү жыты бар, түссүз суюктук. Кайноо t 56,2°С. Суу, спирт, эфирлер менен бардык катышта аралашат, химиялык активдүү зат. А. хлорду жана жегичти кошуудан хлороформго (CHCl3), ысытуудан кетенге (СН2СО) айланат. Андан башка оксим, оксинитрил ж. б. бирикмелерди берет. А. кальций ацетатын ысытуудан же уксус кислотасынын буусун церий, титан кычкылдарынын үстүнөн өткөрүүдөн, крахмалды өзгөчө бактериялардын жардамы менен ачытуудан жана пропиленди гидраттап, пайда болгон изопропил спиртин андан ары кычкылдандыруудан алынат. А. көпчүлүк оргганикалык заттар үчүн (нитро- жана ацетил-целлюлозалар, ацетилен) эриткич катары, тамак-аш жана фармацевт өнөр жайларында, кетен, изопрен ж. б. органикалык бирикмелерди алууда колдонулат. Айрым патологиялык абалда (мисалы, кант диабетинде) адамдын канында А. чогулуп, ууктуруучу таасир тийгизет.