АНОПРИЕВ Геннадий Федорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:36, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОПРИЕВ Геннадий Федорович (4.1.1947-ж. т.,Кант ш.) – бокс боюнча спорт чебери (1969). КРдин көп жолку чемпиону. КРдин (1984) жана СССРдин эмг. сиңирген машыктыргычы (1990). Бокс менен 1962-жылдан машыга баштаган. 1971-ж. КМДТИни бүткөн. Кант ш-нда балдар жана жаштар спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. Бокс боюнча 14 спорт чеберин даярдаган. Эң атактуу шакирти дүйнөнүн профессионалдык бокс б-ча чемпиону О. Назаров болгон.