АМИНФЕНОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл түрүндөгү органикалык бирикмелер; молекулалык салмагы 109. NH2 жана ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара Аминфенолдор. Абада о- жана п- Аминфенолдордун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; кислоталар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. о- Аминфенолдор кислотанын ангидриддери менен реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-Аминфенолдор күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. Аминфенолдор метаминсульфокислотасынын Na тузунан, ошондой эле 4-хлор нитробензолду жегич менен басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.