АМАНБАЕВ Акмат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:46, 30 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ Акмат (1920-жыл, Нарын облусу, Тянь-Шань району, Кара-Булак айылы – 1964-жыл, Фрунзе шаары) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1963). 1935–1938-жылдары Москва шаарындагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык техникумда окуган. 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында оркестрдин дирижёру катары катышкан. 1940-жылы Москва шаарындагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясынын композиция бөлүмүнө кирген. 1945-жылы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын, 1946–1951-жылдары Кыргыз филармониясынын директору болуп иштеген. А. Аманбаевдин ар түрдүү жанрдагы чыгармалары: К. Жантөшевдин «Ким кантти» (1943, А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев менен бирге), «Айдар жана Айша» операсы (1952, С. Л. Германов менен бирге); «Жаштар маршы», «Партия жөнүндө ода», «Эмне үчүн», «Фрунзем» ырлары, «Үч бөлүмдүү квартети», «Скрипка үчүн үч бөлүмдүү сюитасы» жана башка хорлору бар. 1-4-класстар үчүн жалпыга билим берүүчү мектептердин «Ырдоо» аттуу окуу китебинин (Н. Давлесов менен бирге) жана башкаларынын автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медаль менен сыйланган.

АМАНБАЕВ 1 31.png

Ад.: АлагушовБ. Кыргыз композиторлору. Ф., 1964; Виноградов В. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. Ф., 1958.