АЛЮМИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:08, 30 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЮМИНИЙ (лат. Aluminium), AI – элементтердин мезгилдик системасынын 3-тобунан орун алган химиялык элемент, ат. н. 13, ат. м. 26,9815. Жер кыртышында таралышы боюнча металлдардын ичинен 1-орунду ээлейт (8,8%). Жаратылыштагы негизги бирикмелери – алюмосиликаттар, боксит, корунд жана криолит. Жылуулукту, электрди жакшы өткөргөн, коррозияга туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү, күмүш сымал ак металл. Таза Алюминийдин (99,996%) с. салм. 27, тыгызд. 2698 кг/мз (20°С), б. эрүү t 660,24°С, кайноо t 2500°С. Сырткы электрондук катмарында 3 электрону (3s23pi) бар. Si, Си, Zn, Мп ж. б. элементтер менен ар түрдүү касиеттеги өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенгендиктен металлды андан ары окистенүүдөн сактоочу АlОзтүн жука кабыкчасы менен капталат. Анын майда күкүмү ысытканда күйөт. Кычкылтек менен активдүү кошулуу касиети металлдарды алардын оксиддеринен калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Жогорку темп-рада азот, көмүртек, күкүрт менен реакцияга кирип, нитридди (A1N), карбидди (А14С3), сульфидди (A12S3), галогендер менен галогениддерди (AIF3, А1С13) берет. Щелочто оңой эрип, суутекти бөлүп чыгарат да, алюминатты пайда кылат: 2AI+2NaOH+10H2O=2Na[Al(OH)4(H2O)2]+ЗН2. Ал өнөр жайда криолитте (NagAlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. Алюминий электр техникасында, авиация өнөр жайда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш-тиричилик буюмдарын жасоодо кеңири колдонулат.