АЛЬТЕРНАТИВА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬТЕРНАТИВА (фр., alternative, латын alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. Альтернативанын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны боюнча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бирин тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.