АЛЬМАНАХ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:48, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬМАНАХ (ар. аль-манах – календарь) – 1) коомдук иштердин ар кандай тармагындагы, көбүнчө адабий жаңылыктар, илимий жетишкендиктер, мыйзамда болгон өзгөрүүлөр ж. б. жөнүндө маалыматтар берилген жыйнак (альманахтын бул түрү календарь-маалыматтамага окшош); 2) адабий альманах – көбүнчө кандайдыр бир окшоштуктары (тематикасы, жанры, идеялык көркөмдүгү ж. б.) боюнча түзүлгөн адабий чыгармалардын жыйнагы. 18-кылымдын орто ченинде Францияда, 18-кылымдын аягында Россияда чыга баштаган. Кыргызстанда 1950-жылдан кийин жаш калемгерлердин «Кыргызстан», «Учкун», «Көктөм» альманахтары чыгып келген.