АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬДЕГИД ЖАНА КЕТОН КИСЛОТАЛАРЫ, о к с о к а р б о н к и с л о т а л а р ы же о к с и к и с л о т а л а р – молекулаларында карбоксил (СООН) тобунан башка альдегид же кетон (С=0) топтору бар органикалык бирикмелер. Бул топтун өз ара жайгашышына карата а-, (3-, ү ж. б. оксокарбон кислоталары деп айырмаланат. Алкан карбон кислоталарына салыштырганда күчтүүрөөк кислоталык касиетке ээ. Алар СООН жана СО топторуна мүнөздүү реакцияларга кирет. Альдегид кислотасынын эң жөнөкөйү – глиоксил кислотасы (СНОСООН). Ал түссүз, килкилдек коюу суюктук. Көбүнчө чала бышкан мөмөдө, жемиште болот. Кетон кислоталарынын эң жөнөкөйү -пирожүзүм кислотасы СН3СОСООН түссүз, уксус кислотасы сыяктуу кескин жыты бар суюктук.