АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА
АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА ‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо менен кайра өзгөртүү жана аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн менен гиперүн толкундары начар жутулат. Акустикалык электроника түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы жана фазасы боюнча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн жана гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк жана беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.