АЛМАМАТОВ Мыйманбай Закирович
Jump to navigation
Jump to search
АЛМАМАТОВ Мыйманбай Закирович (1956-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Жылы-Суу кыштагы) – техника илимдеринин доктору (2006). 1978-жылы ФПИни бүтүргөн. Эмгек жолун КР ИАда инженер, улук инженер, В. И. Ленин атындагы заводдун илимий-өндүрүштүк лабороториясында начальниктин орун басары; И. Разаков атындагы КМТУда улук окутуучу, доцент, ББКда директор, кафедра башчысы. Алмаматов 144 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын, 1 окуу китебинин автору, 27 патенттин ээси.