АРАП
Jump to navigation
Jump to search
АРАП – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Араван кыштагынан 13 км түндүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 45 км. 19-кылымдын аяк ченинде отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 550 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 486 (2022); негизинен пахтачылыкта, пиллачылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Пахтаны кайра иштетүүчү кичи завод, орто мектеп, китепкана бар.