АЛЫМБЕК Жапалак уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:15, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМБЕК Жапалак уулу (19-кылымда жашаган) – орус падышалыгына элчиликке барган өкүлдөрдүн бири. Ысык-Көл өрөөнүн жердеген бугу уруусунун желдең уругунан чыккан бий. Түндүк кыргыздарынын бугу уруусунун төбөлдөрүнүн 1824–25-жылдарда Россияга жиберген үчүнчү элчилигине катышкан. Элчилик эмгеги үчүн орус өкмөтү тарабынан Александр тасмасына тагылуучу алтын медаль жана аты жазылган кылыч менен сыйланган. Элчилерди (Акылбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, А. Жапалак уулу) кайра элине жеткирип келген орустарды жакшылап тосуп, сый көрсөткөнү үчүн Алымбектин атасы Жапалак Кутту (Куттукожо) уулу да алтын медаль менен сыйланган. Сыйлыктарды 1827-жылы А. Л. Бубенов тапшырган (к. Акымбек Олжобай уулу).