АЧЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЧЫ ‒ Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Алля Анаров айыл аймагына караштуу. Ош ‒ Араван автомобиль жолунун боюнда, Кыз-Коргон жана Чил-Устун тоолорунун аралыгында, деӊиз деӊгээлинен 770 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. 1929-ж. негизделген. Калкы 2 004 (2022); негизинен пахтачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалдык Эмгектин Баатырлары Айтбай Анаров, Алля Анаров жана П. Т. Слюсаренко туулган.