АРАВАН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:42, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАВАН РАЙОНУ – Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Район 1935-ж. уюшулган. Ал облустун түндүк-батышында жайгашып, түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Өзбекстан, түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Ноокат, чыгышынан Кара Суу райондору менен чектешет. Аянты 620 км2 (облустун аймагынын 2,1%). Калкы 144 093 (2022). Район 8 айыл округуна бөлүнүп, 48 кыштагы бар. Борбору – Араван кыштагы.
Район Фергана өрөөнүнөн орун алган. Аймагы адырлуу. Түндүк бөлүгү деңиз деңгээлинен 500–700 м, түштүгү 700–1500 м бийиктикте. Курулуш материалдарынын кени бар. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –2..–3°С, июлдуку 28°С. Жылдык жаан-чачыны 290–300 мм. Ири суусу – Араван-Сай (Ноокат районунун аймагында Кыргыз-Ата аталат). Сугатка пайдаланылат. Райондун түндүк бөлүгүнөн Түштүк Фергана каналы өтөт. Кыртышы боз топурактуу. Аймагынын көп бөлүгү айдалган, айдалбаган түзөң бөлүгү шыбак-

АРАВАН РАЙОНУ 32.png

баялыштуу, адырлар эфемер-шыбактуу келип, жарым чөлгө мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт. Райондун аймагында облустун калкынын 9,8%и жашайт. Кал­кынын 38,9%и кыргыздар, 58,8%и өзбектер, 0,8%и азербайжандар, 0,6%и тажиктер, 0,9%и башка улуттар. Эмгек жашына чейинкилер 43,8%, эмгек жашындагылар 48,8%, эмгек жашынан өткөндөр 7,4%. Калкынын 98,8%и деңиз деңгээлинен 100 мге чейинки, 1,2%и 2000–2500 м бийиктиктерде отурукташкан.
Араван районунун экономикасынын негизин дыйканчылык (негизинен пахтачылык) түзөт. Жал­пы жер фонду 62,0 миң га (2004), анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 46,4 миң га (жеринин 74,8%и). Айдоо аянты 19,1 миң га (анын 15,5 миң гасы сугат жер), 1,1 миң га көп жылдык дарактар, 0,2 миң га чабынды, 25,1 миң га жайыт. Айдоо жердин 3,4 миң гасын пахта, 10,2 миң гасын дан эгиндери (анын ичинде буудай – 8,4 миң га), 132 гасын тамеки, 1,6 миң гасын жүгөрү, 1,2 миң гасы май алынчу өсүмдүктөр (1,3 мин га), жашылча ж. б. ээлейт. Багбанчылык, жүзүмчүлүк , жибекчилик өнүккөн. Мал чарбасы жайыттын жетишсиздигинен анча жакшы өнүккөн эмес. Бодо мал, кой-эчки, жана жылкы асыралат. Үй куштары багылат.
Ири өнөр жай ишканалары: «Ак-Була» АК (пахта тазалоочу завод), нан заводу, «Элегант» АК, «Тепекоргон-Биримдиги» жоопкерчилиги чектелген ишкана (тигүү фабрикасы) кирет. Район жылына миң т пахта буласын (Кыргызстанда өндүрүлгөн буланын 8,0%) даярдайт. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан эл аралык маанидеги Ош – Араван – Мархамат (Өзбекстан) – Кызыл-Кыя, жергиликтүү маанидеги Ош – Ноокат автомобиль жолдору өтөт. Райондо 50 жалпы билим берүүчү мектеп, 4 мектепке чейинки мекемелер, китепканалар (бардыгы 25, анын ичинде 1 борбордук, 1 балдар үчүн, 23 айылдык) жана 1 ра­йондук, 8 айылдык клуб болгон. Райондук 2 участкалык оорукана, 19 ФАП, 15 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт. Райондук «Достук» гезити кыргызча жана өзбекче чыгат.
И. Егембердиев, А. Мырзаев.