АК-БОСОГО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БОСОГО – Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Үч‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда жай­гашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 81 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 163 км. Деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте жай­гашкан. Калкы 1876 (2022); негизинен мал чар­басында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.