АСЫЛ ТУКУМ МАЛ
Jump to navigation
Jump to search
АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ‒ тукумун жакшыртуу үчүн атайын тандалып алынган кунардуу, таза кандуу мал. Асыл тукумдуулук белгилер, айрыкча тукумдук эркек малда (кочкор, бука, айгыр ж. б.) болот. Ошондуктан таза тукум мал өстүрүү үчүн дыкаттык менен асыл тукумдук эркек мал тандалып алынат. Тукум куума сапатын жаӊыртып туруу максатында А. т. м. тандоо алардын теги жана тукумунун сапаты боюнча жүргүзүлөт. Теги кунардуу жана асыл тукумдуу бир нече муундан кийинки А. т. м. өтө баалуу деп эсептелет. Тукумунун сапаты, кунардуулугу жана теги документтер боюнча такталып, негизги көрсөткүчтөрүнө (мисалы, сүт багытындагы уйдун сүттүүлүгү, сүтүнүн майлуулугу; эт багытындагы малдын төлүнүн тез чоӊоюшу; койдун жүндүүлүгү, жүнүнүн сапаты ж. б.) жараша аныкталат.