АСЫМБЕКОВА Гүлнара Үмөтовна
Jump to navigation
Jump to search
АСЫМБЕКОВА Гүлнара Үмөтовна (1960-ж. т., Ысык-Көл облусу, Каракол ш.) ‒ гинеколог, медицина илимдеринин доктору (1997). КММИни (1982), РМИАнын акушерлик, гинекология жана перинатология илимий борборунун докторантурасын (1996, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИунда илимий кызматкер, перинатология бөлүмүнүн башчысы, 1997-жылдан КРСУда профессор. 2003-ж. уюштурулган "Профессор Асымбекованын клиникасынын" директору. 2010-11-ж. КР Жогорку Кенешинин депутаты. Илимий иштери акушерлик, гинекология жана перинатологияга арналган. Бардыгы 77 илимий эмгектери, анын ичинде 4 окуу куралдары жарык көргөн. Эмг.: Гипертензивные нарушения во время беременности . Б., 2001. (в соавт.). Акушерские кровотечения (в соавт.). Б., 2001.