АРАЛИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:14, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛИЯЛАР (Araliaceae) – эки үлүштүү өсүм­дүктөр тукуму. Дарак, бадал, лиаиалар жана кээ бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү, чатырча гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешип же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен ашык уруусу жана 850гө жакын түрү белгилүү. Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түндук Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн райондорунда кездешет. Ийне жалбырактуу жана аралаш токойдо өсөт. Кээ бири кооздук жана дары-дармек үчүн да өстүрүлөт. Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңил. Оңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка өстүрүлөт.

Э. Б. Капарова.