АТ-БАШЫ суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Ат-Башы р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 км, алабынын аянты 5540 км2. Нарын кырка тоосу м-н Жаӊы-Жер тоосунан башталган Улан ж-а Жаӊы-Жер сууларынын кошулушунан түзүлүп, чыгыштан батышка карай агат. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агып, дарыя жээктей арча, карагай токою өсөт. Босого капчыгайынан өткөндөн кийин жайылмасы кеӊейип, бир нече салааларга бөлүнүп, нугу кеӊейет (0,5‒0,9 кмге чейин). Кара-Коюн суусу кошулгандан кийин түндүккө карай агып, Кептешке жеткенде кайрадан бир нукка түшөт. Суу тартылган мезгилде Өзгөрүш кыш-нын тушунан кумга сиӊип кетип, 6 км төмөн кайрадан нукка түшөт. Жалпы уз. 393 км келген 202 майда куймасы бар. Ири оӊ куймалары: Көлмө (48 км), Улан (30 км), Бороонду (28 км), Көк-Жар (25 км), Башача, Ача, Ичке-Суу ж. б.; сол куймалары: Жаӊы-Жер, Балык-Суу, Бешбелчир, Туюк-Богошту (26 км), Ача-Кайынды, Терек-Суу (23 км), Кара-Коюн (81 км). Алабында Көл-Төр, Кош-Көл, Жашыл-Көл, Кокуй-Көл сыяктуу чакан көлдөр, жалпы аянты 113,7 км2 келген 284 мөӊгү бар. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 33,2 м3/сек, эӊ көбү 47,6 м3/сек, эӊ азы 23,9м3/сек . Сугатка пайдаланылат. Кептешке Ат-Башы ГЭСи курулган. Боюнда Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирдик, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыӊ ды, Баш-Кайыӊды, Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш, Достук кыш. жайгашкан.

М. Дүйшөнакунов.