АСТЕРОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:50, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТЕРОИДДЕР (гр. asteroeid ‒ жылдыз сымал), к и ч и н е п л а н е т а л а р ‒ Күн системасында эллипс орбитасы боюнча айлануучу космос телосу. А-дин диаметри 1‒1000 км. Италия астроному Жузеппе Пиацци 1801-ж. Марс менен Юпитер ортосунда айланып жүрүүчү кичине планета Церераны алгачкылардан болуп ачкан. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин 1802-ж. Паллада (диаметри 608 км), 1807-ж. Веста (538 км) ж. б. ачылган. Курамы боюнча А. таш (силикаттар менен карбонаттардан турат), металл-таш жана металл (иридий менен никель арбын) болуп бөлүнөт. Көпчүлүк А-дин айлануу мезгили 8 с чамасында. Диаметри 240 кмден кичине А-дер туура эмес формада болот. Азыркы убакта 2000ден ашык А. белгилүү.