АССОЦИАЦИЯ (химияда)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:41, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССОЦИАЦИЯ, х и м и я д а ‒ бирдей же жаратылышы боюнча жакын молекулалар эритмелерде салыштырмалуу туруксуз топторду ‒ ассоциаттарды (димерлерди, тримерлерди ж. б.) пайда кылуусу. Аларда молекулалар суутектик байланыш, ван-дер-ваальс, диполь-диполдук ж. б. күчтөр менен байланышкан. А. эритмелердин физикалык-химиялык касиеттерине таасир этет. Электролиттердин эритмесиндеги иондордун А-сы иондук жуптар, тримерлердин пайда болушу алардын заряддарынын электростатикалык өз ара аракеттенүүсү жана сольватташуусу менен түшүндүрүлөт. Иондордун А-сы алардын зарядына, радиусуна, электрондук катмарларынын түзүлүшүнө жана эриткичтин диэлектрдик өткөргүчтүгүнө, анын молекулаларынын электрон донордук жана электрон акцептордук касиеттерине көз каранды.