АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ
АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ (assimilatio ‒ кошулуу, жуурулушуп кетүү; potentia ‒ күч, өзүнөн өзү тазалануу; чирүү потенциалы) ‒ тирүү организмдер жамааты ээлеген табигый аймактын же акваториянын туруктуулугун жоготпой, табигый жана антропогендик заттарды (таштандылар жана калдыктар) чиритүү жана алардын зыяндуу таасирлеринен арылтуу жөндөмдүүлүгү. Ал заттар табияттын биохимиялык айлануусуна кошулгандан кийин көмүлөт. Мындай көмүүгө казылып алынуучу отундун бардык түрү кирет. А. п. заттардын биохимиялык айлануусунун ургаалдуулугуна, продуктуулугуна байланыштуу жогорку жана төмөнкү А. п. болуп бөлүнөт. Натыйжада органикалык тиричилик өнүгөт. Эӊ жогорку А. п. токойго, айрыкча тропик токоюна таандык, анын продуктуулугу башка экосистеманыкына караганда алда канча жогору. Жогорку А. п. мелүүн кеӊдиктердин токойлоруна, нымдуу-саздак жерлерге, дельта экосистемасына, төмөнкү А. п. чөлгө, жарым чөлгө, тундрага, ошондой эле салыштырмалуу олиготрофтук көлмөлөргө (мис., Байкал көлү) мүнөздүү.