АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК
Jump to navigation
Jump to search
АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК‒ белгилүү бир убакыт ичинде экосистеманын нормалдуу өнүгүүсүн бузбай булгоочу заттарды топтоп, талкалап (ажыратып), трансформациялап (химиялык жана биологиялык айлануудан) анын чегинен чыгарган (биоседиментация, диффузия ж. б. процесстердин негизинде) чөйрөнүн максималдуу динамикалык сыйымдуулугу. Мисалы, экосистеманын табигый таштандылар менен бирдикте адамдын иш-аракетинен пайда болгон органикалык таштандыларды ассимиляциялоосу (талкалашы жана сиӊириши). А. с. көптөгөн табигый (температура, суунун агымынын ылдамдыгы ж. б.) жана антропогендик факторлорго, чөйрөнүн биоталык процесстерине, ошондой эле булгоочу заттардын физикалык-химиялык касиеттерине байланыштуу.