АСМАН ЭКВАТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:22, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСМАН ЭКВАТОРУ ‒ асман сферасынын бардык чекиттери дүйнө уюлдарынан 90° алыс турган чоӊ тегереги. А. э-нун дүйнө огуна перпендикуляр болгон тегиздиги Жер экваторунун тегиздигине жарыш жана горизонттун тегиздигине 90° бурч менен жантайган, мында j ошол жердин кеӊдиги. А. э. асман сферасын түндук жана түштук Жарым шарга бөлөт. А. э-н матем атикалык горизонт чыгыш жана батыш чекиттеринде кесип өтөт.