БАГДАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГДАД ‒ Ирак Республикасынын борбор шаары. Багдад мухафазасынын (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Калкы 6,1 млн (2011; шаар айланасы менен 6,5 млн). Месопотамия ойдуӊунда, Тигр дарыясына Дияла дарыясы куйган жерге жакын жайгашкан. Өлкөнүн негизги транспорт түйүнү. Дарыя порту. Эл аралык аэропорту бар.
Археологиялык маалыматтар боюнча Багдад орун алган жерде алгачкы турак-жайлар биздин заманга чейин 19‒18-кылымдарда эле курулган. Азыркы Багдадга жакын аймактардан шумер-аккад, вавилон, парфия маданияттарына таандык эстеликтер табылган. Багдад аталышы байыркы перстердин «бага» ‒ алла жана «дад» ‒ берген, башкача айтканда «алланын бергени» (тартуусу) деген сөздөрүнөн келип чыккан деген маалымат кеӊири таралган. Азыркы Багдад 762-ж. Мадинат ас-Салам (арабча дүйнөнүн шаары) деген аталышта Аббасилер династиясынын 2-халифи аль-Мансур тарабынан негизделген жана Халифаттын борбору болуп калган. Шаардын Жер Ортолук деӊизди, Борбордук жана Түштүк Азияны, Чыгыш Африканы бириктирген соода жолдорунун тоомунда жайгашуусу анын өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Багдаддын гүлдөгөн учуру халифтер Харун ар-Рашид (786‒809) жана Момун (813‒833) башкарган мезгилге туура келет. Бул мезгилде Багдад орто кылымдык араб-мусулман маданиятынын, илимдин ири очогуна айланган. Багдаддын атагы алыска тарап, «Миӊ бир түн» жомогунда даӊкталган. Абассилер бийлиги начарлагандан кийин Багдад акырындык менен өзүнүн саясий маанисин жоготкон. 836‒839-ж. халифтер Самарда жашашып, Багдадды гулямдардын гвардиясына башкарууга беришкен. 945-жылдан шаар Ирандын Буилер династиясынын бийлигине өткөн, ал эми 1055-ж. селжуктар басып алган. 9‒13-кылымда кайрадан илим жана маданияттын борборуна айланган. 1258-ж. Аббасилер халифаты Хулагу баштаган монгол аскерлери тарабынан кыйратылып, Багдад талап-тонолгон. 14‒15-кылымдын чегинде Багдад эки жолу (1392‒93, 1401‒05) Тимур тарабынан басып алынып, бүлүндүрүлгөн. 1508-ж. шаар Сефевилер державасынын курамына кирген. 16‒17-кылымдар аралыгында Осмон империясы менен Ирандын ортосунда Багдад үчүн согуштар болуп өткөн. 1534-ж. түрктөр ээлесе, 1623-ж. ирандыктарга өткөн. 1638-ж. биротоло Осмон империясына кошулуп, 19-кылымдын ортосуна чейин Багдад пашалыгынын (кийин Багдад вилайети) борбору болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда англичандар басып алып, 1920‒21-ж. Улуу Британиянын мандат менен башкарылуучу аймагынын администрациялык, 1921-жылдан Ирак королдугунун борбору, 1958-ж. Багдадда революция жеӊип чыгып, Ирак Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Ошол кезден анын борбору. 1990‒91-ж. Кувейт кризисинин учурунда Багдад антиирактык коалициянын бомбалоосунан өтө жапа чеккен. 2003-ж. АКШ жана анын союздаштарынын аскерлеринин киргизилиши учурунда Багдад шаары аткылоого жана бомбалоого дуушарланган.
Нефть ажыратуу (Уд-Даурдагы ири завод), нефть-химиялык, тамак-аш‒татымал, текстиль, булгаары, цемент, эмерек өнөр жайлары, кирпич заводу, ири кол өнөрчүлүк промыселдери, борбордук Ирак банкы иштейт. 12‒13-кылымдардагы араб архитектурасынын эстеликтери, исламга мүнөздүү зодчийлик, Аббасиддер сарайы (12-кылымдын аягы, 13-кылымдын башы, 1935-жылдан музей, 20-кылымда реставрацияланган), Зубайда мавзолейи (13-кылымдын башы), Мааруфа аль-Кархи (1215, кайра курулган), аль-

Рамадан мечити жана Белгисиз жоокерге эстелик.

Мустансария медресеси (1227‒33, 1823-ж.; кайра курулган), Сук аль-Газаль (1279), медресе ал-Маржания (1356; 1786-ж. жаӊыртылган, хан Маржан кербен-сарайы, 1358‒59; 1937-жылдан музей), Муса аль-Кадимдин Алтын мечити, мавзолейи (1515-ж. салынган; 17‒20-кылымдарда оӊдолгон) сакталган. Жаӊы Багдад кайра конструкцияланып, курулууда. Көчөлөр көрктөндүрүлүп, кеӊейтилген. Банк, дүкөндөр, соода борборлору, «14-июлдагы революция» аттуу монумент, Белгисиз солдаттын эстелиги, Тигр дарыясынын батыш жээгиндеги ар-Рабат сарайы, аэропорт курулган. Парламенттин жаӊы имараты, отел, кинотеатрлар, мечиттер, көп кабаттуу үйлөр жана коомдук жайлар курулууда.
Багдадда Ирак академиясы (1997-жылдан), Ирак медициналык коому (1920), илимий-изилдөө мекемелери (1963), айыл чарба жана суу ресурстарын изилдөөчү борбор (1980), араб адабияты жана чоӊдорго билим берүү (1966), француз маданий борбору (1950) ж. б., университеттер (Багдад, 1957; Аль-Мустансария, 1963; технология, 1975) бар. Китепканалар, Ирак музейи (1934-жылдан), Улуттук (1961), Багдад университетинин алдындагы (1960), этнографиялык (1941-жылдан; учурда сүрөт галереясы), Мадаин (исламга чейин маданият) музейлери, улуттук театр иштейт.
Ад.: Ковтунович О. В., Ходжаш С. И. Багдад. М., 1971; Герасимов О. Г. Ирак. М., 1984; Михайлов И. Б. Средневековый Багдад. М., 1990.
Р. Карачалова, А. Орозов, Н. Жылдызова.