АКЫР ЗАМАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:12, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫР ЗАМАН ‒ адам баласынын жана бүткүл ааламдын эӊ соӊку тагдыры тууралуу байыркы доордон бери калыптанган түшүнүк. Мындай түшүнүк байыркы еврейлердин тооратында, христиан дининин инжилинде айтылып, Куранга да киргизилген. Бул түшүнүк боюнча акыр заман адилеттик менен зулумдуктун, жакшы менен жамандыктын, жарык менен караӊгылыктын көрүнбөгөн жашыруун күрөшүнөн башталып, жер жүзүндөгү ыймансыздык менен зулумдук ниет күч алат. Ислам дининде акыр заман тууралуу ишеним кудайдан коркуу эрежеси менен байланыштырылат. Анда Алла Таала тек кудайдан корко турган адамдарды гана сүйөрү, андай адамдар үрөйдү учурган сурак күнүндө да, кубаныч-сүйүнүч учурунда да, кайгыда да бир кудайга сыйынган, кек сактабай башкалардын күнөөсүн тез кечиришип, жакшылык жасай турган адамдарды гана жактырары айтылат.
Б. Солтонбеков.