АРИФМЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИФМЕТИКА (гр. arithmetike, arithmos - сан) – сандар жанa сан көптүктөрү менен жүргүзүлгөн амалдар жонундөгү илим; математиканын бир бөлүмү. А. сан түшүнүгүнүн пайда болушу, эсептөөлөрдүн ыкмалары жанa каражаттары жонундө, табияттагы ар кайсы эсептөө системалары менен жүргүзүлүүчү амалдарды изилдөө, сандардын касиеттери ж-a сан көптүктөрүнүн түзүлүшүнүн аксиомалык анализи жонундөгү окуу. Саноо маданияты биздин доорго жеткен математикалык кол жазмалардан алда канча мурда пайда болгон. Эң алгачкылары болуп Кахундук (Египет) жана атактуу Ринддин (математикалык папирустар) папирустары эсептелет. Алар б. з. ч. 2000-жылга туура келет. А-нын кийинки өнүгүшү Байыркы Египет менен байланыштуу. А. Байыркы Грекияда өзгөчө логистика деп аталуучу илим катары берилген. Байыркы грек математиги Евклид (б. з. ч. III к.) өзүнүн 7-9–«Башталыштар» китептерин толугу менен А-га арнап, аларда биринчи жолу эң чоң жалпы бөлүүчүнү табуу алгоритми жанa жөнөкөй сандар жонундөгү теоремалар орун алган. А. ж-a эсептөөнүн ондук системасы жонундөгү окуу Китай, Индия математиктеринин эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Индия математикасы арабдарда, Азия менен Европада А. илиминин өнүгүшүнө түрткү берген. Биздин доордун IX к-да Мухаммед аль-Хорезминин А. жонундөгү трактаты, индустардын санды ондук системада жазышы, аларды кошуу, алуу, бөлүү, көбөйтүү, квадраттык тамырдан чыгаруу ыкмаларын кеңири жайылтууга түрткү болгон. А-ны байыртадан бери эле кыргыздар да жашоо-тиричилигинде пайдаланып келишкен.
Ад.: История математики. Т.1-3. М., 1970-72; Ван дер Варден. Пробуждающаяся наука. М., 1959. Энциклопедия элементарной математики, кн. 1. Арифметика. М. -Л., 1951.

А А Чекеев, С. С. Токсонбаев'.