БАБА-АТА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:08, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБА-АТА КЫРКА ТООСУ Тескей Ала-Тоонун батышында. Түндүгүнөн Кочкор, түштүгүнөн Базар-Турук жана Төлөк өрөөндөрү менен чектешет. Узундугу 45 км, орточо бийиктиги 4100‒4300 м, эӊ бийик жери Баба-Ата чокусу (4400 м). Палеозойдун кристаллдык жана гранит тоо тектеринен турат. Рельефи татаал, 4000 мден жогору нивалдык -гляциалдык формалар мүнөздүү. Капталдары тик (35‒40°), батышы аскалуу. Чыгыш бөлүгү басаӊдап, Карагатты, Сандык тоолоруна өтөт. Борбордук бөлүгү мөӊгүлүү. Тескей капталынан бир нече майда суу (Кош-Көл, Бөрүлү-Булак ж. б.) агып түшүп, Узун-Булак суусуна куят. Бөгөлмө-Булак жана Көл-Булак өзөндөрүндө бөгөлмө көлдөр бар. Батышы ичкерип, Кызарт белине барып такалат. Түзүлүшү боюнча кыска горст-мегантиклиналь. Түндүк этегинен тектоникалык жарака өтөт. Муз доорунда тоонун үстү ири муз калканы менен капталган. Түштүк капталы каксоо, талаа чөптөрү (бетеге, шыбак ж. б.) өсөт; чыгышындагы коктулары майда бадалдуу. Түндүк беттерине талаа (2600‒3200 м), субальп шалбаалуу талаа (3200‒3600 м), альп шалбаа (3600‒3800 м), субниваль (3800‒4200 м), нивалдык-гляциалдык ландшафттары (4200‒4400 м) мүнөздүү. Жайыт.
Т. Кулматов.