АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:51, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ́ГИЯ, (аэрожана климатология) ‒ атмосферанын жогорку катмарындагы климаттык шарттар жөнүндөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары аэроклиматология үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (к. Аэрология ). Аэроклиматологиянын милдети ‒ негизги метеорологиялык элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. Аэроклиматологиянын маалыматтары атмосферанын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы температуранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба транспорттук катнашын камсыз кылууда аэроклиматологиялык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ.