АХМАДАБАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:40, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АХМАДАБАД, А х м е д а б а д ‒ Индиядагы шаар. Батыш Индиянын маанилүү өнөр жай жана соода борбору. Сабармати дарыясынын боюнда жайгашкан. Гужарат штатында. 1411-ж. негизделген. Калкы 5,6 млн (2011). Жолдор тоому. Текстиль өнөр жайынын (кебезден жип ийрүү жана токуу, жасалма жибек) ири борбору. Металл иштетүү, химиялык, булгаары, ширеӊке өнөр жайы бар. Кустардык жол менен парча, жибек токуп чыгаруу, зер жана лак буюмдарын жасоо, көркөм оймо түшүрүү өнүккөн. Гужарат университети, триумфалдуу Тин-Дарваза дарбазасы (15-кылым), Рани-Сипри мечити күмбөзү менен (1514-ж. курулуп бүткөн) сакталган.