АБДЫКАЛЫКОВ Акылбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАЛЫКОВ Акылбек (30. 1. 1948-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Шалта айылы) – артист, режиссёр, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1978), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), Бүткүл союздук жаштар сыйлыгынын лауреаты (1976).

Абдыкалыков Акылбек.jpg

1972-жылы А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр искусствосу институтунун драма жана кино актёру адистигин бүтүргөн. 1972–1979-жылдары С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында актёр, 1979–1981-жылдары. Кыргыз ССРинин мамлекеттик радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде режиссёр, 1981–1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, 1983–1987-жылдары К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында актёр, 1987–1990-жылдары ошол эле театрда режиссёр жана актёр, 1990-жылы театрдын директору жана режиссёру, 1994–1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында көркөм жетекчи, директор, 1996-жылдан баштап Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы куудулдар театрынын көркөм жетекчиси жана директору болуп эмгектенген. Спектаклдерде аткарган ролдору: Шамшы (А.Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), Адылбек Жайнаков (Т.Абдумомунов, «Эч кимге айтпа»), Сараң рыцарь (А. Пушкин, «Сараң рыцарь»), Момун (Ч. Айтматов, «Ак кеме»), Сэр Тоби (У. Шекспир, «Он экинчи түн»), Шаар башчысы (Н. Гоголь, «Текшерүүчү») жана башкалар. Кинотасмаларда Алибектин («Мен – Тянь-Шань»), Осмондун («Кайчылаш жолдор»), Атанын («Сенин

АБДЫКАЛЫКОВ 140.png

үйүң кайда, үлүл»), Бстей хан («Найман эненин кошогу») ролдорун аткарган. А. Абдыкалыков койгон спектаклдер: «Жан биргем Электра» (Л. Дюрка), «Мен сүйгөн обон» (Б. Калчабаева), «Темир корук» (М. Гапаров), «Элеттик анекдоттор» (А. Вампилов), «Сынган мазар» (3. Сооронбаева), «Түнкү шоола» (Л. Разумовская), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (Б. Жакиев), «Ак Мөөр» (Ж. Садыков), «Эзоп» (Г. Фигейдеро).