АКТУАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:15, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search


АКТУАЛИЗМ а к т у а л и с т т и к ы к м а (лат. actualis ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын – илимий жол менен таануу ыкмасы. Актуализм жер бетиндеги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар менен геологиялык процесстер (жанар тоолордун атылышы, жер титирөөлөр, тектоникалык кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геологиялык процесстерди жана алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруунун негизинде өткөн мезгилдердеги жер бетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. Актуализм ыкманын пайдаланылышы диалектикалык негизде гана болушу мүмкүн. Актуализм ыкмасын кийин геологиялык тарыхты аныктоодо (18-кылымдын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-кылымдын ортосунда англиялык изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп жана илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-кылымдын 2-жарымында Францияда, Германияда жана Россияда кеӊири колдонула баштаган. Актуализмдин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.
Ад.: Равикович А. И. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. М., 2004.