АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:57, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ ‒ атмосферадагы жылуулуктун тик жана горизонталь багыт боюнча алмашуу процесси. Мында абанын жылуу катмарларынан чыккан агым, анын муздак катмарларына карай жылып, абанын кошулуусунан температура өзгөрөт. Бул катмардын температуралык айырмасы канчалык чоӊ болсо, Атмосферадагы жылуулук алмашуу ошончолук тез жүрөт. Күндүн радиациясы, космостон келген жана жерден чыккан жылуулуктар ‒ атмосферадагы жылуулуктун негизги булагы. Атмосферадагы жылуулук алмашуу негизинен турбуленттүүлүктүн жардамы менен атмосферанын жерге чектеш катмарына жылуулуктун өтүшү, күндүн радиациясынын таралышы, суунун бууга айланышы жана атмосферадагы суу буусунун конденсацияланышы менен сублимацияланышынан бөлүнүп чыккан жылуулуктун натыйжасында болот.