АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ
10:51, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) (Begay moved page АТМОСФЕРАДА ГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ to АТМОСФЕРАДАГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ) тарабынан жасалган версия
АТМОСФЕРАДА ГЫ ЖЫЛУУЛУК АЛМАШУУ‒ атмосферадагы жылуулуктун тик жана горизонталь багыт б-ча алмашуу процесси. Мында абанын жылуу катмарларынан чыккан агым, анын муздак катмарларына карай жылып, абанын кошулуусунан темп-ра өзгөрөт. Бул катмардын темп-ралык айырмасы канчалык чоӊ болсо, А. ж. а. ошончолук тез жүрөт. Күндүн радиациясы, космостон келген жана жерден чыккан жылуулуктар ‒ атм-дагы жылуулуктун негизги булагы. А. ж. а. негизинен турбуленттүүлүктүн жардамы менен атм-нын жерге чектеш катмарына жылуулуктун өтүшү, күндүн радиациясынын таралышы, суунун бууга айланышы жана атм-дагы суу буусунун конденсацияланышы менен сублимацияланышынан бөлүнүп чыккан жылуулуктун натыйжасында болот.