АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ ‒ атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. атмосфера циркуляциясы ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосферанын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жергиликтүү циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Кыргызстандагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.