АТМОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:29, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТМОСФЕРА Ж е р д и н (грекче atmos ‒ буу, sphaira ‒ шар) ‒ Жер шарын курчап турган жана аны менен кошо айланган аба кабыгы. Массасы 5,15 .1015 т. Жер планета катары жаралгандан кийин, анын каткан кыртышынан (литосферадан) бөлүнүп чыккан газдардан атмосфера пайда болушу мүмкүн. Кийин ар түрдүү факторлордун таасиринен өзгөрүүлөргө учураган. Атмосфера температурасы, молекулалардын иондошуусу ж. б. физикалык, химиялык касиеттери боюнча 5 негизги катмарга бөлүнөт (к. сүрөт). Атмосферанын төмөнкү катмарын т р о п о с ф е р а түзөт. Тропосферада жалпы аба массасынын 4/5, суу буусунун дээрлик бардыгы топтолуп, аба ырайын пайда кылуучу процесстер (булуттар, жаан-чачын ж. б.) жүрөт. Тропосфера 16‒18 км бийиктикке чейин

Атмосфера кабаттары.

камтыйт. Бийиктеген сайын температурасы төмөндөйт (ар бир кмге орточо 6,5°С). Тропосферадан жогору, 50‒55 км бийиктикке чейин с т р а т о с ф е р а катмары бар. Орточо температурасы төмөнкү чегинде, тропопаузага жакын ‒40°тан ‒80°ка чейин өзгөрөт; жогорку чегинде 0°Сге жакындайт (±20°Сге чейин өйдө төмөн болушу мүмкүн). Бул катмар суу буусунун өтө аздыгы, булуттун жоктугу, ал эми озондун арбын болушу менен өзгөчөлөнөт. Стратосферанын үстүндө 50дөн 80‒85 кмге чейинки м е з о с ф е р а жатат. Анда бийиктеген сайын температура төмөндөйт (0°Сден ‒90°Сге чейин), үстүнкү катмар т е р м о с ф е р а деп аталып, 80ден 300‒800 км бийиктикке чейин созулат. Мында негизинен кыска толкундуу күн радиациясын сиӊирип алгандыгына байланыштуу температура 1500°Сге чейин көтөрүлөт. Атмосферанын эӊ жогорку (300‒500 кмден жогору) өтө суйдаӊ катмары ‒ э к з о с ф е р а деп аталат; андан суутектин тез кыймылдагы жеӊил атомдору космос мейкиндигине учуп кетиши мүмкүн. Атмосферанын 50 кмден 800 кмге чейинки иондошкон калыӊ катмары ‒ и о н о с ф е р а деп аталат. Алардын чегиндеги анча калыӊ эмес кабатчалар ‒ тропопауза, стратопауза, мезопауза жана термопауза. Атмосферанын абасы газдардын механикалык аралашмасынан (негизинен азот 78,1%, кычкылтек 21%, аргон 0,9%, калган %ин башка газдар түзөт) турат; анда ошондой эле дайыма суу буусу, суу тамчылары, муз кристаллдары, чаӊ ж. б. да болот. Атмосферанын эӊ негизги бөлүгү ‒ суу буусу. Жерге чектеш катмардагы анын өлчөмү ар түрдүү: тропиктеги абада 3% болсо, Антарктидада 2.10‒5%. Тыгыздыгы улам бийиктеген сайын азайгандыктан, атмосферанын массасынын таралышы ар түрдүү. Анын 80%ке жакыны тропосферада топтолсо, термосферада 0,05%. Өтө бийиктиктеги аба Жердегиден өзгөчөлөнүп турат. Мында газдардын диссоциацияланышынан атмосферадагы молекулалар атомго ажырап, бош атомдор жана жаӊы татаал молекулалар пайда болгондуктан, иондошуу процесстери күчөйт. Атмосферанын жогорку катмарында бийиктеген сайын оор салмактуу газдар азайып, жеӊили көбөйөт. Атмосферада болуучу физикалык процесстердин энергиясынын негизги булагы ‒ күндүн радиациясы. Атмосфера кыска толкундуу күн радиациясын начар сиӊирет, бирок жер бетинен чыккан узун толкундуу жылуу агымдарды жогору өткөзбөйт, ошондуктан жылуулуктун космоско өтүшү азайып, Жердин температурасы жогорулайт. Аба массалары тынымсыз кыймылда болгондуктан, Атмосферанын бардык катмарларында шамал болуп турат. Ал көп факторлорго байланыштуу, эӊ негизгиси ‒ Жер шарынын ар түрдүү аймагында атмосферанын бирдей жылбагандыгы. Буга күн нурунун ар түрдүү кубат менен таралышы себеп болот. Атмосферанын текши жылыбагандыгы абанын чоӊ масштабдагы агымдарынын күчөшүнө алып келет (к. Атмосфера циркуляциясы ). Атмосферада болуучу оптикалык, акустикалык, электрдик, метеоролигялык ж. б. кубулуштар жөнүндө к. Атмосфера оптикасы, Атмосфералык электр, Метеорологиялык элементтер ж. б. Жер жана андагы тиричилик үчүн атмосферанын мааниси зор. Атмосферада жаан-чачындан пайда болгон суу жер кыртышынын түзүлүшүн өзгөртүүдө негизги ролду ойнойт. Тоо тектердин талкаланышына, температуранын өзгөрүп турушуна дагы ушундай сыяктууга атмосфералык факторлор себеп болот. Атмосфера Жер кыртышын асмандан түшүүчү метеориттерден сактайт. Метеориттердин көпчүлүгү атмосферанын тыгыз катмарына жетери менен эле күйүп кетет. Тирүү организмдердин жашоо тиричилиги атмосферанын өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизүү менен бирге алар өз иретинде атмосфералык шарттарга көз каранды. Мисалы, тирүү организмдерге чоӊ зыян келтирүүчү Күндүн ультра кызгылт көк нурлары жерге жетпестен атмосфера катмарларына сиӊет. Атмосферадагы кычкылтек жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн дем алуусун камсыз кылат, андагы көмүр кычкыл газы өсүмдүктөрдүн азыктануусуна керек. Климаттык факторлор, айрыкча температуралык режим менен нымдуулук адамдын тиричилигине жана ден соолугуна өтө чоӊ таасир тийгизет. Климаттын мааниси өзгөчө айыл чарбасы үчүн чоӊ. Атмосфераны изилдөө байыркы замандан бери жүргүзүлгөнү менен аны изилдөөчү илим ‒ метеорология 19-кылымда гана пайда болгон. Метеорологиянын тармактарына атмосфера физикасы, атмосфера химиясы, климатология, синоптикалык жана динамикалык метеорология ж. б. кирет. Табигаттагы биологиялык процесстерге атмосфералык факторлордун тийгизүүчү таасирин биометеорология менен айыл чарба метеорологиясы изилдейт. Атмосферада болуучу кубулуштарды байкоо үчүн жер шарынын ар түрдүү аймактарында метеорологиялык станциялар, посттор коюлган. Жерден метеорологиялык байкоолорду жүргүзүүдө радиолокация чоӊ роль ойнойт. Метеорологиялык изилдөөлөрдө радиозонддордун жардамы менен атмосферанын басымын, шамалдын ылдамдыгы менен багытын, температураны, абанын нымдуулугун ченөө максатында атмосфераны тик зонддоонун мааниси чоӊ. Атмосфераны изилдөөдө самолёт, автоматтык аэростат, метеорологиялык спутник, ракеталар пайдаланылат.
Ад.: Будыко М. И. Климат в прошлом и будущем. Л., 1980; Будыко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л. История атмосферы. Л., 1985; Атмосфера: Справочник Л., 1991; Хромов С. П., Петросянц М. А. Метеорология и климатология. 5-е изд. М., 2001.