АКМАТОВА Эльмира Казакбаевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:00, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВА Эльмира Казакбаевна (1970-жылы туулган, Бишкек) – биология илимдеринин доктору (2013), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. КММИни (1995), КМУУну (1995), К. И. Срябин атындагы КАЧИни (2009) бүтүргөн. Эмгек жолун В.И. Ленин атындагы заводдо жашылдандыруучу, кадрлар боюнча адис, ар кайсы аптекаларда провизор, аптека башчысы болуп иштеген. Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИде эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы; А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария ИИИде лаборатория башчысы, директордун орун басарынын милдетин аткаруучу, директору. Эпизоотология, вирусология, биотехнология илимдери боюнча жетектөөчү окумуштуу. Анын негизги илимий иштери малдын өтө коркунучтуу ооруларынын эпизоотологиялык кырдаалын көзөмөлдөө, аларга каршы күрөшүү боюнча иштелмелерди иштеп чыгуу. КР аймагындагы малдын өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларын (канаттуулар тумоосу, кутурма, шарп, бруцеллез) көзөмөлдөө жана аларды алдын алуу үчүн мамлкеттик жана эл аралык долбоорлорду иштеп чыгууда илимий жетекчи. КРдин айыл чарба жана билим берүү министрликтеринин жана КУАУнун Ардак грамоталары менен сыйланган. Илимий изилдөө ишмердүүлүгүндө ветеринардык биотехнологияда ийгиликтүү ветеринардык дарыларды даярдагандыгы үчүн КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Анын 130дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 2 окуу китеби, 15 сунуштама, 6 окуу-методикалык окуу куралы жана илимий макалалардын, 2 патентгин автору, 30 эл аралык сертификаттын ээси.

Эмг.: Продовольственная безопасность и питание.–Б., 2014.– 358 с. (в соавт.). Способы культивирования микроорганизмов: учебно-методическое пособие по биотехнологии. – Б., 2015.–15 с. (в соавт.).