АКИТАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:04, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИТАШ – акиташ, карбонат тоо тектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгызды­гы 3,4 г/см3. Акиташтын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба жана гидравликалык акиташ болуп айырмаланат. Аба акиташы табигый кальций‑магний карбонат текте­рин шахта, айланып туруучу мештерде 1000–1200°Сда бышыруудан алынат. Негизинен СаО жана MgOдон турат. Курулуш ишинде, химиялык өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, айыл чарбасында, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдону­лат. Гидравликалык акиташ карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900–1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат жана кальций ферратынан ту­рат. Гидравликалык акиташ аба акиташына караганда техникалык касиети боюнча табияттын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.