АТАМА СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү. Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү,

кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкин дикти атап көрсөтөт. А. с-дүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы м-н айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мис., Жай. Таза аба. Жайылган мал).