АСАНОВ ЖАМАНТАЙ
Jump to navigation
Jump to search
АСАНОВ Жамантай (1918, Ош облусу, Өзгөн району, Кыш-Булак кыштагы – 1985, ошол эле жерде) - дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1936-жылдан Өзгөн районунундагы «Эркин-Тоо» колхозунда колхозчу. 1945-53-жылдары талаачылык бригадасында
звено башчы. Ал жетектеген звено дан эгин өстүрүүдө мыкты ийгиликке жетишип, 1948-ж. 30,5 га жаздык буудайдын ар гектарынан 29,1 ц түшүм жыйнаган.
Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.